04.02.2019 15:58

«Дордой» базарынан адашып кеткен: 9 жаштагы Айгерим аман-эсен табылды

«Дордой» базарынан адашып кеткен: 9 жаштагы Айгерим аман-эсен табылды

Милиция кызматкерлери Бишкекте жоголгон кичинекей кызды тапты. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 31-январда саат 16:20 чамаларында, 9 жаштагы Айгерим 11-кичирайондогу №63-мектептен чыккан боюнча жоголуп кеткен. Бир сааттан кийин кыздын ата-энеси милицияга кайрылып, алар оперативдүү чараларды көрө баштаган. Өз кезегинде кичинекей кызды издөөгө мэриянын жалпы кызматтары дагы киришкен.

Ушул эле күнү, Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер боюнча инспектору, милициянын капитаны Курбанова Гульнура Байышбековна жана милициянын капитаны Кадыркулов Зоокарбек Кудайбердиевич Айгеримди таап, «Айданек» борборуна алып келип, андан соң Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жерден Айгеримди ата–энеси үйүнө алып кетти. 

Айгеримдин айтымында ал №17-троллейбуска отуруп,  «Дордой» базарына жетип, ошол жерден адашып кеткен.